24-ноябрда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6,
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,
Баткенде түнкүсүн -3...2, күндүз 1…6,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,
Нарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7.
Бишкекте 24-ноябрда жаан-чачын болбойт, түнкүсүн жана эртең менен бир аз туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 0…-2 градус суук, күндүзү 3…5 градус жылуу болот. (КЕ)