Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Коалиция: Cекелектерди күйөөгө берүү көбөйүп баратат


Кыз ала качууга каршы акция
Кыз ала качууга каршы акция

Бул тууралуу бүгүн кыздардын эрте турмушка чыгуусун талкуулаган жыйында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова билдирди. Коалиция алдындагы “Өспүрүм курактагы никелердин алдын-алуу” долбоору өлкөнүн түштүк аймактарында, Талас, Чүйдө изилдөө жүргүздү.

Сурамжылоого миңден ашуун кыз-келиндер катышкан. Долбоордун координатору Диана Макембаеванын белгилешинче, күн сайын 30дан ашуун кыз ала качууга дуушар болгон. Ал эми жылына алардын саны 12 миңге жетсе, 2 миңдейи зордуктоого кабылышат. Жыйында кызын 15-17 жашында күйөөгө берүү көрүнүштөрү өзбек тектүү жарандар көбүрөөк жашаган айылдарда кездешсе, азыр кыргыз айылдарында да арбып баратканы белгиленди.

Кызды жашы жете элек куракта мажбурлап күйөөгө берүү, ала качуу үчүн мыйзамда жоопко тартылары жазылган. Укук коргоочулар болсо эл ичинде мындай мыйзам бузуулар тыйылбаганын айтышып, ага коомчулук, тартип коргоо жана сот тармактары тарабынан маани берилбей жатканын айтышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG