Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:18

Токтогулдуктар аймакта алтын казуу иштерине каршы чыгышууда


Жалал-Абаддын Токтогул районунун Чолпон-Ата айылынын жашоочулары аймакта алтын казуу иштерин баштап жаткан “Кассана Минералс” ишканасынын иштөөсүнө каршылык көрсөтүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Миргазы Өзүбеков “Азаттыкка” билдирди:

- Узун-Акмат -1 дарыясынын жээгиндеги Корейс участогунан казылуучу алтын кен менен бирге урандын запасы жатат. Кен ишке түшсө уран калдыктары ачылып, айылдын тургундарынын өмүрү коркунучта калат. Ошол себептүү биз компаниянын ишин баштоосуна жол бербейбиз – деди Өзүбеков.

Айылдын 200гө чукул жашоочулары 22-ноябрда кендин жанында митинг өткөрүп, аны иштетүүгө каршылыгын билдирип чыгышкан.

“Кассана Минералс” элдин каршылыгынан улам ишин баштай электигин, бирок бардык жумуштарын мыйзам чегинде алып барып жатканын билдирди. Токтогул районунун Кара-Күнгөй айылына жакын жайгашкен алтын кенин иштетүүгө “Спектр” компаниясы 2009-жылы уруксат алган. Бул компаниядан “Кассана Минералс” лицензиясын сатып алган. Тактоолорго ылайык, кенге уруксат берилген жер 18 гектарды түзөт жана 69 кг. алтын запасы бар экендиги аныкталган. (RsK)

XS
SM
MD
LG