Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Парижде климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун саммити башталды


Франция баш калаасында БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча 21-жыйыны өтүп жатат. Жер жүзүндөгү экологиялык абалды коргоого багытталган көп тараптуу жаңы келишимди кабыл алуу максатын көздөгөн бул жыйын 11-декабрга чейин созулуп, ага 150дөй өлкөнүн лидерлери катышууда. Саммитке президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы да катышып жатат.

Жыйын Париждеги 13-ноябрдагы террордук чабуулдардан улам киргизилген өзгөчө абал шартында өтүп жатат. Анда мамлекет башчыларынын арасынан биринчи болуп сүйлөгөн Франция президенти Франсуа Олланд терроризм менен глобалдык жылуулукка каршы күрөштү бири-бирнен ажыратып кароого болбосун, адамзат үчүн бул экөө тең олуттуу коркунуч туудуруп жатканын белгиледи.

Саммиттин алкагында климаттык маселелерден сырткары бир канча эл аралык жолугушуулар да белгиленген. Маселен орус президенти Владимир Путин менен Израиль премьери Биньямин Нетаньянхунун жолугушуусу ырасталды. Ошондой эле Путиндин АКШ президенти Барак Обама жана Германия канцлери Ангела Меркел менен кездешүүсү каралууда. Путин менен Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган да өз ара сүйлөшүүсү ыктымал.

XS
SM
MD
LG