Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Приднестровьедеги шайлоодо башкаруучу партия алдыда


Молдова -- Евгений Шевчук, өзүн-өзү республика деп жарыялап алган Приднестровьенин президенти.
Молдова -- Евгений Шевчук, өзүн-өзү республика деп жарыялап алган Приднестровьенин президенти.

Өзүн-өзү республика деп жарыялап алган Приднестровьедеги кечээки парламенттик шайлоодо аймактагы "Шериф" аттуу жеке ири компаниянын кызыкчылыктарын колдогон "Жаңылануу" партиясы алдыга чыкты. Партия 43 округдун 33үндө жеңишке жеткен. Таанылбаган өлкөнүн БШКсы 20 округ боюнча алдын-ала жыйынтык чыгарып, катышуу 47 пайызды түзгөнүн жарыялады. Шайлоодогу негизги күрөш аталган партия менен Приднестровьенин президенти Евгений Шевчуктун тарапташтары ортосунда жүрдү. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 1-декабрда жарыяланат.

"Жаңылануу" партиясы таанылбаган өлкөдө 2005-жылдан бери башкаруучу партия. Молдова бийликтери таанылбаган бул республикадагы шайлоону мыйзамсыз деп эсептөөдө.

Приднестровье 1990-жылы СССР курамындагы Молдова Республикасынан өз алдынча бөлүнүп, өзүн-өзү республика деп жарыялап алган. Бирок ошондон бери эл аралык коомчулук аны өзүнчө өлкө катары тааный элек. Аймакта Орусиянын аскер бөлүгү жайгашкан.

XS
SM
MD
LG