Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Түркияда кармалган кыргызстандык шектүүлөрдү кайтаруу аракети жүрүүдө


Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов 30-ноябрда билдирди. Анын айтымында, өткөн жумада теолог Кадыр Маликовго кол салган кыргыз жарандары Түркиянын Газиантеп шаарында кармалган. Аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө:

-Түркиянын жергиликтүү полиция кызматкерлери менен бирге иштеп жатабыз. Алар бизге кандай жол менен алып кеткенге уруксат берери каралып жатат. Маселе чечилери менен алып келебиз. Анын эки жолу бар: депортация же экстрадиция.

Эки жаранды алып келүү үчүн Кыргызстандын ички иштер министрлигинин тобу Түркияда жүрөт. Кадыр Маликовго кол салгандар "Ислам мамлекетинин" же Даиштин мүчөсү деп шектелүүдө. Алар Кадыровго кол салгандан кийин эле Казакстан аркылуу Түркияга учушкан. Түркиядан Сирияга өтөр алдында түрк полициясы тарабынан кармалган. (AiT)

XS
SM
MD
LG