Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Ооган талиптеринин лидери Пакистанда катуу жараланды


Ооганстандык талиптер
Ооганстандык талиптер

Ооган талиптеринин лидери Молдо Ахтар Мансур Пакистандагы талип согушкерлердин башчысы менен айтыша кетип, соңунда куралдуу кагылышуу болуп, оор жаракат алганы маалым болду.

Ооганстандын вице-президенти Абдул Рашид Достумдун басма сөз катчысы Султан Фаизинин “Азаттыкка” айтымында, Мансур катуу жарадар болуп, ооруканага жеткирилген.

Бирок талиптердин өкүлү Сабихуллах Мужахед ок атышуу болгонун ырастаган жок.

Султан Фаизинин айтымында, Мансур Молдо 1-декабрда Пакистандын Куетта аймагындагы Качлак жергесинде болгон жыйынга барган. Чогулушта Пакистандагы талиптердин командири, Гуантанамо түрмөсүнө жатып чыккан Абдуллах Сардари молдо менен кайым айтыша кеткен. Оозеки талаштын арты ок атышуу менен аяктап, Сардари баш болгон төрт талип командири мерт кеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG