Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу маселесин журналисттерди киргизбей, жабык талкуулоодо. Комиссия бүгүн Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ишин баштады.
Жыйында энергетика, Камбарата -1 ГЭСин, Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу долбоору, өнөр жай, мунай, газ, транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү багыты, жалпысынан 18 маселе талкууланат. Кыргыз тараптан комиссияны премьер-министр Темир Сариев, экинчи тараптын делегациясын Орусиянын бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов жетектөөдө.
Буга чейин мурдагы вице-премьер-министр Валерий Диль "РусГидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын каржылоо планын аткарбай жаткандыктан куруу мөөнөтү кечеңдеп жатканын айткан.
Жогорку Нарында ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “РусГидро” ишканасы - ГЭСтердин курулушу беш-алты жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган.(КЕ)