Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

“Ади Голд” компаниясы сотко кайрылды


Чаткал району
Чаткал району

“Ади голд” жоопкерчилиги чектелген ишканасы Терек аянтындагы лицензиясынын жокко чыгарылганына байланыштуу сотко кайрылды. Бул тууралуу аталган ишкананын адвокаты Азат Бердиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган компания бардык иштерди мыйзамдын негизинде алып барып келген жана ал өзүнүн юридикалык укуктарын сот аркылуу коргойт.

Бүгүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги “Ади Голддун” Чаткалдын Терек аймагындагы кен казуу лицензиясы жокко чыгарылганын кабарлаган. Буга ишкананын геологиялык чалгындоо иштери боюнча туура эмес отчет бергени себеп болгон. Ошондой эле “Кыргызалтындын” балансындагы калдык сактоочу жайда алардын уруксаты жана техникалык долбоору жок чалгындоо ишин жүргүзгөн деп айтылууда.

Маалыматка караганда, “Ади Голддун” лицензиясы ушул жылдын 30-октябрында узартылган болчу.

Экинчи жолу өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы менен Тереккан, Өтмөк жана Терек кен байлыктарын иштетүү боюнча “Эки Бакыр Терексай” компаниясы жеңүүчү аталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG