Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Ахметова: 608 млн. ашуун сомдук долбоор жактырылды


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулу Ахметованы кабыл алды. Жолугушууда өлкөнүн чакан жана орто бизнесин финансылоо программасынын алкагында мамлекеттик банктар менен бирдикте аталган фонд жүзөгө ашырып жаткан иштер туурасында маалымат берилди. Ахметованын белгилешинче, мамлекеттик банктар айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү, тоо кендери жана металлургиялык өнөр жай тармактарындагы жалпы суммасы 608 млн. сомдук 56 долбоорду жактырышкан.

Мамлекет башчы Евразиялык экономикалык биримдикке максималдуу катышуусуна өбөлгө түзчү импортту алмаштырууга, жумушчу орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын арттырууга багытталган долбоорлорду каржылоо боюнча мындан аркы ишмердигинин негизги приоритеттерин талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG