Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

“Ислам мамлекети” тобу Йеменде губернаторду набыт кылды


Аден провинциясы, жардыруудан кийин.
Аден провинциясы, жардыруудан кийин.

Өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Йемендин Аден калаасындагы жардырууну уюштурганын маалымдады. Окуяда провинция губернатору Жафар Мухаммед Саад жана анын алты жансакчысы мерт кетишти. Кырсыктуу окуя жекшемби күнү эртең менен губернатор жумушка бараткан учурда болду.

Андан бир күн мурун ушул эле калаадагы кол салууда аскер тыңчылыгы багытындагы полковник Акил ал-Ходр менен жергиликтүү судья, согушкерлердин үстүнөн бир канча өкүмдөрдү чыгарган Мухсин Альван өлтүрүлгөн.

Йемен өкмөтү Сауд Арабиянын колдоосу менен быйыл жайында Аден провинциясын ислам дининин шиит багытындагы хусит козголоңчуларынан бошоткон эле.

“Ислам мамлекети” тобунун жоочулары “Араб жарым аралындагы ал-Каида” тобунун согушкерлери менен бирге Йемендеги кырдаалдан пайдаланып, өлкөдө өз позициясын орнотууга камынганы маалымдалууда. (SE)

XS
SM
MD
LG