Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 04:41

Баткен менен Караколдун мектептеринде диний семинарлар өтүүдө


Баткен жана Каракол шаарларында мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн диний темадагы семинарлар өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан кабарлашты.

Иш-чаранын максаты - ислам, буддизм жана христианчылык деген негизги диндер, алардын тарыхы тууралуу маалымат берип, ислам дининин негиздери, баалуулуктарын айтып берүү. Ошону менен катар адистер Кыргызстанда кандай диний уюмдар бар, алардын максаты, багыттары кайсылар экенин окутуп, террорчулук, экстремизмди айырмалай билүүнүн жолдорун айтып беришет.

Сирияда өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун катарына кошулуп кеткен кыргызстандыктардын саны, расмий маалымат боюнча 500гө жетти. Эксперттер жана коопсуздук адистери мунун негизги себебин жарандардын диний сабаты жоктугу, чыныгы дин, ишеним менен динге жамынган террорчулукту айырмалай билбей жаткандыгынан көрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG