Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Янукович саясатка кайтууну көздөп жатат


Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович "РИА Новости” агенттигине берген маегинде саясатка кайтууну көздөрүн белгиледи. Ал Украинадагы саясатчылар менен байланышта экенин, бийлик куугунтуктап жүргөн айрым кишилерге жардам берип жатканын айтты.

- Алардын көбү бир жыл мурдагыдай уялышпайт жана коркушпайт. Алар менен жолуккан учурубузда өздөрүн эркин сезишет, маселелерди чогуу талкуулайбыз,- деди ал.

Виктор Янукович 2014-жылдын февралында Киевде жарандардын нааразылык акцияларынан улам өлкөдөн чыгып кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG