Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Аты-жөнүн өзгөрткөндөр азая баштады


Кыргызстанда аты-жөнүн өзгөрткөндөрдүн саны азая баштады. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Быйыл жыл башынан бери 31 миң 600 жаран ушундай арыз менен кайрылган. Ал эми былтыр ушул эле мезгил аралыгында 34 миң 500 арыз түшкөн.

Адистердин айтымында, аты-жөнүн өзгөрткөндөр боюнча эң жогорку көрсөткүч Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Буга чейин айтылып келгендей, Орусияда иштеп жүрүп ал өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн чыгарылгандардын көбү мекенине келип, аты-жөнүн өзгөртүп, кайра башка ысым менен Орусияга кеткен учурлар көп.

Кыргызстанда мыйзам атын, фамилиясын документке каалагандай жаздырууга, өзгөртүүгө тыюу салбайт. (RK)

XS
SM
MD
LG