Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Башкы прокуратура Акимбаевдин аңчылык чуусун иликтей баштады


Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев (оңдо)
Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев (оңдо)

Башкы көзөмөл органынын ички коопсуздук кызматы Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаевдин аңчылык чуусу боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Баткен облустук прокуратурасынан кабарлашты.

Акимбаевдин атып өлтүрүлгөн тоо эчкиси менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланып, кызуу талкууларга жол ачкан. Анын жанындагы шериги Экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкери экени айтылууда.

Алтынбек Акимбаев “Азаттыкка” курган маегинде былтыр ноябрь айында аңчылыкка чыгып, бир баш тоо эчки атып келгенин, кайберенди атууга бардык уруксат кагаздары болгондугун билдирди. (JsA/UEz)

XS
SM
MD
LG