Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Орусия эл аралык соттун чечимдерин аткарбай турган болду


Орус президенти Владимир Путин жана премьер-министр Дмитрий Медведев.
Орус президенти Владимир Путин жана премьер-министр Дмитрий Медведев.

Президент Владимир Путин Орусиянын Конституциялык сотуна эл аралык соттордун чечимдерин тааныбоого мүмкүнчүлүк бере турган мыйзамга кол койду. Ошондой эле анда эгерде Орусиянын Баш мыйзамына каршы келе турган болсо, адам укугу боюнча Европа сотунун чечимдерин аткаруудан баш тартуу жагы көрсөтүлгөн. Бул тууралуу мыйзамдын тексти укуктук маалыматтардын расмий интернет порталына жарыяланды. Орусиянын Конституциялык соту жөнүндөгү мыйзамга оңдоолорду Мамлекеттик Дума 4-декабрда кабыл алып, аны 9-декабрда Федералдык Кеңеш колдогон болчу. Бул мыйзам долбооруна Думанын Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Дмитрий Гудков гана каршы добуш берген. (KJ)

XS
SM
MD
LG