Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Орусияда оор жүк ташуучуларга айып пулдун көлөмү 90 эсеге азайды


Президент Владимир Путин кол койгон мыйзамга ылайык, федералдык каттамдарда жүргөнү үчүн салык төлөбөгөн оор жүк ташуучу унаа ээлерине айып пул 450 миң рублдан 5 миң рублга түштү. Документ Орусиянын укук боюнча маалымат порталына жайгаштырылып, расмий күчүнө кирди. Мыйзамга ылайык, мындан ары оор унаа айдоочулары машиненин ээси чет мамлекетте болгон учурда гана айып пул төлөйт.

Салмагы 12 тоннадан ашкан унаалардан трасса үчүн салык алуу жобосу быйыл 15-ноябрда киргизилген. Акча "Платон" деп аталган төлөм системасы аркылуу төлөнөт. Бул эреже оор жүк ташуучуларды бушайман кылып, бүткүл Орусияда каршылык акциялары менен коштолгон.

Айдоочулар Путинге жакын санаалаш ишкер Аркадий Ротенбергдин уулуна таандык менчик компания акча топтоо менен алектене турганына да нааразылык билдиришкен. (SE\AKu)

XS
SM
MD
LG