Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:06

Арменияда өмүрүнүн аягына чейин кесилгендердин абагына камалгандар ачкачылык жарыялады. Алар өздөрүнө тагылган айып боюнча кылмыш ишин кайрадан карап чыгууну талап кылышууда. Өлкөнүн расмий булактары кабарлагандай, 14-декабрда 28 адам нааразылык акциясын баштаган. Эки күн өтүп аларга дагы жети киши кошулду.

Аталган түрмө Ереванга жакын Нубарашен аймагында жайгашкан жана ири абак болуп эсептелет.

Камактагылар ушундай эле талап менен быйыл октябрда да ачкачылык жарыялашкан эле. Алардын көбү жалган жалаа менен кесилгенин айтышат. (SE)

XS
SM
MD
LG