Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Путин Түркияны дагы айыптады


Орусия -- Президент Владимир Путин маалымат жыйынында. Москва, 17-декабрь, 2015.
Орусия -- Президент Владимир Путин маалымат жыйынында. Москва, 17-декабрь, 2015.

Орусия президенти Владимир Путин бүгүн жылдык маалымат жыйынында Орусия-Түркия алакасы боюнча суроолорго жооп берип жатып, Түркиянын өткөн айда орус учагын атып түшүрүүсүн "душмандык аракет" деп баалады: "Тажрыйба көрсөткөндөй, Түркиянын азыркы жетекчилиги менен сүйлөшүү бизге кыйын болуп жатат, же ал мүмкүн эмес", - деди Путин.

Орус президенти андан ары Түркия эли жана башка түрк тилдүү элдер "бизге дос жана өнөктөш бойдон" деп, бирок Түркия бийлиги менен мамилени жөнгө салуунун эч кандай ыкмасын көрбөй жатканын, Москва Түркияга каршы санкцияларды уланта берерин кошумчалады. Ошондой эле Түркияны согушкерлерди калкалап жатат деп айыптады: "Согушкерлер Түркия аймагында медициналык жардам алуу менен кошо коргоого да алынууда", - деди Путин.

Орусия-Түркия мамилеси түрк тарап орус учагын атып түшүргөн 24-ноябрдан бери кескин курчуп, ошондон бери эки жак бири-бирин айыптап келет. Анкара орус учагы түрк аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүгө көңүл бурбай койгон соң атып түшүрүлгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG