Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Аба ырайы: дем алыш күндөрү кар жаайт


20-21-декабрда абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15° суук, күндүз 3…8° суук,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 0...5° суук, тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 12…17°, күндүз 3…8° суук.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 20…25°, күндүз 5…10° суук, бийик тоолордо жана Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда түнкүсүн 27…32°, күндүз 13…18° суук.

Мындай аба ырайы автожолдордо жүрүүнү кыйындатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону оорлотот.

19-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тайгак болот, тоолуу райондорго кар калың төшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2..-7, күндүз 0...-5,

Таласта түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...-6,

Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз -4...+1,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5,

Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -9...-14,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -12...-17.

19-декабрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы 4…6° суук, күндүз 1…3° суук болот.

XS
SM
MD
LG