Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

2016-жылы Кыргызстанда эки миллион көчөт тигилет


Өкмөт жашылдандыруу иштерин активдештирүү жана токой аянттарын кеңейтүү максатында Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигине ушундай тапшырма берди.

Буга чейинки эл аралык уюмдар тарабынан 23 өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөө иштеринде Батыш жана Борбор Азияда токойлордун аянты кыскарганы көрсөтүлгөн. Изилдөө жүргүзүлгөн 17 өлкөдө токойлордун аянты аймактын он пайыздан кемин гана түзөөрүн көрсөткөн.

Кыргызстанда токойлор өлкө аймагынын болгону 954 миң гектарын түзөт.

Токойлор экологиялык балансты жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо функциясын аткарат. Мындан тышкары Кыргызстан, Тажикстан өңдүү тоолуу өлкөлөрдө токойлор топуракта ным кармоо, сел, көчкүлөрдү алдын алуу өңдүү милдеттерди аткарат.(AzK)

XS
SM
MD
LG