Орусиянын аскерий учактары Сириянын түндүгүндөгү жикчилдер көзөмөлдөп турган Идлиб шаарын бомбалап, андан 43 адам набыт кеткенин Reuters агенттиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык, учактар эл толо базарды, административдик имараттарды жана турак үйлөрдү бутага алган. Жарадар болгон 150дөн ашуун адамдын айрымдары Түркияга жөнөтүлдү. Бирок орус тарап Идлибге урулган сокку боюнча маалыматты бышыктай элек.
Быйыл сентябрдан бери Сириянан түрдүү аймактарын бомбалап жаткан Орусия негизинен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун турумдарын бутага алып жатканын белгилейт. Бирок Сирия президенти Башар Асадга каршы топтор орус учактары Батыш колдоп жатканы оппозицияны жок кылууга белсенгенин айтып келүүдө.(SE)