Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

“Журналистика негиздери” китеби жарык көрдү


Бакыт Орунбеков
Бакыт Орунбеков

Жыл жаңырар алдында Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин сунушу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүн башчысы, саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбековдун “Журналистика негиздери” окуу китеби жарык көрдү.

Китеп журналистиканын негизги, базалык категориялары: жалпыга маалымдоо каражаты түшүнүгү, аны түзүү жана уюштуруу, журналистиканын негизги баалуулуктары, жанрлары, журналистиканын ролу жана функциясы, журналистиканын укуктук жана этикалык негиздери, журналисттик ишмердүүлүктүн натыйжасы, жалпыга маалымдоо каражатынын аудиториясы жана интернет журналистиканын теориялык жана тажрыйбалык өңүттөрү талданган. Басылма америкалык, европалык, орусиялык медиа изилдөөчүлөрдүн тыянактарына, корутундуларына жана автордун жеке журналисттик тажрыйбаларына таянып жазылган.

Китеп “ММКны колдоо борбору” фондусунун каржылоосу менен жарык көрдү. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларындагы журналистика факультеттери жана бөлүмдөрү үчүн китепканаларга бекер таркатылат. Бакыт Орунбековдун буга чейин илимий жана публицисттикалык багыттагы беш китеби жарык көргөн.

XS
SM
MD
LG