Экономика министрлиги казинолорду иштетүүгө кайрадан уруксат берүүнү сунуштоодо. Бул боюнча мыйзам долбоору 18-декабрда коомчулуктун талкуусуна коюлду. Мыйзам өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Бул тууралуу коомдук талкуу боюнча Экономика министрлигинин жооптуу өкүлү Данияр Абдылдаев “Азаттыкка” билдирди:
-Мыйзамда казинолорду бүт өлкөдө иштете берүү маселеси каралган эмес. Үч эле жайда ачуу сунушталган: Чүй облусунда, Ысык-Көлдө жана өлкөнүн түштүк аймагында. Баса белгилеп койчу жагдай, кумарканалар кыргыз жарандарына эмес, чет элдиктерге гана ачык болот. Бул кадам бюджетти толтуруу боюнча кошумча чаралардын бири.
Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тарта кумарканалардын ишине тыюу салынган. Быйыл апрелде тотализатордук жана букмекердик кеңселердин иши токтотулган. Буга жаштар арасында кумарга берилип кетүү көбөйүп жатканы негиз болгону белгиленген. (SE)