Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:37

Ала-Букада Сирияга баргысы келген үй-бүлөнү жектешүүдө


Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Кажар айылынан Сирияга барып, экстремисттик топтор менен ымала кылып келишке аракет кылган үй-бүлө мүчөлөрүнө нааразылык күчөп, кыштак тургундары аларды башка жакка көчүп кетүүсүн талап кылышууда. Бул маселе боюнча териштирүү жүрүп жатканын күч органдары “Азаттыкка” билдирди.

Аталган айылдагы бир үй-бүлөдөн жети киши Сирияга карай кеткени, алардын бешөө кайтып келгени кабарланган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тактоо иштери бүтмөйүнчө маалымат берилбей турганын айтты.

Кыргызстандан Сирия жана Ирактагы динчилдерге барып кошулган кишилердин саны расмий эсепте 400дөн ашат. Алардын 40тан ашууну каза болду. (SE\RsK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG