Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Кытайда белгилүү укук коргоочу абакка кесилди


Укук коргоочу Пу Чжицян.
Укук коргоочу Пу Чжицян.

Бээжин соту Кытайдагы белгилүү укук коргоочу жана юрист Пу Чжицянды “этникалык жек көрүүнү козуткан”, “жек көрүүнү тутанткан” деген айыптар менен үч жылга кести.

Кытай телеканалдарынын маалыматына ылайык, Пу Чжицян өкүмдү кабыл алып, доо арыз менен жогорку инстанцияларга кайрылууну көздөгөн жок. Укук коргоочунун жактоочулары да өкүм туура чыгарылганын айтышты. Ар кандай себептерге байланыштуу укук коргоочу жазасын кийинчерээк өтөйт.

Айыптоочулар Чжицянды сегиз жылга эркинен ажыратууну талап кылышкан.

Укук коргоочунун камалышына анын Sina Weib социалдык тармагында калтырган комментарийлери түрткү болгон. Чжицян ал жактан Кытай бийлигинин Шинжаң, Тибет жана башка аймактардагы улуттук азчылыктарга жасаган мамилесин сынга алган.

Укук коргоочу бир жарым жыл мурда камакка алынган.

Ал буга чейин саясий диссидент, сүрөтчү Ай Вэйвэйдин таламын талашканы менен белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG