Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Стамбулдагы аба майданда жардыруу болду


23-декабрга оогон түнү Стамбул шаарынын экинчи ири аэропортундагы жарылуудан учактын ичин тазалаган бир аял мерт, дагы бирөө жарадар болду. Бул тууралуу түрк маалымат агенттиктери кабарлашты.

"Пегасус" компаниясынын билдирүүсүнө караганда, «Сабиха Гөкчен» аэропортундагы жарылуу шаршембиге караган түнү, жүргүнчүлөр сейрек сааттарда болгон. Полиция коопсуздук чараларын күчөтүп, кирип-чыккан машиналарды катуу текшерүүдө.

Маалыматтарга караганда, аба майданы бүгүн ишин кадимки тартипте улантууда. Коопсуздук органдары жарылуунун себептерин иликтешүүдө. Аэропорт жыл башынан бери 26 миллиондой жүргүнчүнү тейлеген.

«Сабиха Гөкчен» аэропортунан учактар Бишкек менен Ошко да күн сайын каттап турат.

XS
SM
MD
LG