Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Таласта милиция кызматкеринин жасалма диплому аныкталды


Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын ыкчам-иликтөө тобунун кызматкери жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы облустук милициянын 5-бөлүмүндө иштеген ага лейтенант жасалма документ менен жумушка жайгашканын билдирди.

Иликтөө маалыматтарына караганда, ал Кыргыз улуттук университетинин Экономика факультетин 2010-жылы аяктаганын тастыктаган диплом менен жумушка кирген жана төрт жыл иштеген. Текшерүү учурунда ал документ жасалма болуп чыккан.

Бул факт боюнча Талас облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. (SE)

XS
SM
MD
LG