Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Түркмөнстан газ боюнча Батыш менен кызматташууга кызыкдар


Түркмөнстан газ боюнча европалык өнөктөштөр менен кызматташууну жандантат. Бул тууралуу түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов 23-декабрда Каспий деңизинин жээгиндеги Белек шаарчасындагы газ куурунун ачылышында билдирди. Анын айтымында, Каспийдин жээгиндеги Түркмөнстандын газ кендери келечекте “Чыгыш-Батыш” газ кууруна туташтырылат. Түркмөн президенти 2,5 миллиард долларлык транскаспий газ түтүгү боюнча долбоорун ишке ашырууга ниети бар экенин айтты. Буга чейин Түркмөнстан түшкөн пайданы чет элдик энергетикалык компаниялар менен тең бөлүшүү шартын караган макулдашуудан баш тартып келген болчу. Ошондуктан долбоор кагазда калып келген. Бердымухамедов Түркмөнстандын батыш чек арасынан газдын табылышы долбоорду кайра карап чыгууга үмүт берет деп айтты.

XS
SM
MD
LG