Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Жийдеш: Жеңиш жеңил болгон жок


Жийдеш: Жеңиш жеңил болгон жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

“Тurkvizyon-2015” сынагынан байгелүү кайткан ырчы Жийдеш Идирисова жеңиши жөнүндө журналисттер менен ой бөлүштү. Ырчы Туркияда кыргыз жарандарынын колдоосу күчтүү болгонун баса белгилеп, сынакта ырдап чыккан ыры жөнүндө айтып берди. Ал эми “Тurkvizyon” эл аралык ыр сынагынын Кыргызстандагы уюштуруучуларынын бири, продюсер Канат Култаев быйылкы сынак мурункуларга салыштырмалуу деңгээли бир аз төмөн болгонун айтып өттү. 21 өлкөнүн ырчылары катышкан Тurkvizyon-2015 сынагында Жийдеш Идирисова 194 балл алып биринчи орунду ээлеген. Экинчи орунду казакстандык, үчүнчү орунду түркиялык ырчылар алышты. Түрк дүйнөсүнүн эл аралык сынагы Стамбул шаарында Яхья Кемаль Беятлы атындагы маданий борбордун сахнасында уюштурулган. Бул конкурс TMB TV телеканалынын демилгеси менен 2013-жылдан бери уюштурулуп келүүдө.

XS
SM
MD
LG