Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайты маалымдайт. Шаршемби күнү эле өлкөнүн башкы банкы сомдун курсун кармоо үчүн валюта базарына 1 млн. 700 миң доллар сатты. Акыркы үч күндүн ичинде күн сайын интервенция жасалып, жалпысынан 6 млн. 50 миң доллар сатылды. Бирок акча алмаштыруу жайларында доллардын курсунун өсүүсү байкалып, бир доллардын сатуудагы баасы 50 тыйынга көтөрүлүп, 76 сом 50 тыйын болууда. (AiT)