Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44
Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Атамбаев: Орусия ГЭСтерди кура албайт

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясында журналисттерге бир жылдык аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчынын басма сөз жыйынына чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынан 140 журналист чакырылган. Анда жыл жыйынтыгынан сырткары, президент журналисттерди кызыктырган башка да суроолорго жооп берди. Журналисттерди ички жана тышкы саясаттагы болуп жаткан окуялар кызыктырды. Маселен, Атамбаев чыңалып турган Орусия-Түркия мамилеси, бир канча жылдан бери курулбай турган ГЭСтер, Сирияга согушка кетип жаткандар, сөз эркиндиги, 2017-жылдагы президенттик шайлоо жана башка ондогон суроолорго жооп берди.

Президент бачабаздарды кастрациялоону колдойт

Президент Алмазбек Атамбаев бачабаздарды механикалык кастрациялоону колдойт. Бул тууралуу ал жылдык маалымат жыйынында билдирди.

“Мен бачабаздар менен террорчуларга өлүм жазасын киргизмекмин. Бирок буга биздин Конституция жана эл аралык милдеттемелерибиз тыюу салат. Мындай кылмышкерлер менен варвардык ыкмада күрөшүү керек. Анткени алар адамдар эмес. Жакында эле атасы баласын зордуктап салганы, а жакындары аны коргоого аракет кылганы тууралуу маалыматты көрдүм. Мен алардын ордунда болгондо кылмышкерди ташбараңга алмакмын. Кээ бир уюмдар адам укугу бузулуп атат деп айтып жатышат. А баланын укугун ким коргойт?” деди президент.

Ошондой эле Атамбаев террорчуларга карата чараны күчөтүү зарылдыгын, Сириядагы “Ислам мамлекети” диний-радикал тобуна ыктыярдуу кошулуп кеткендерди өлкө жарандыгынан чыгаруу керектигин айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG