Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Андабековдун сахнада калган өмүрү

Узакка созулган оорудан улам 23-декабрда Кыргыз эл артисти Сейитказы Андабеков 90 жаш курагында дүйнө салды. Ал 1925-жылы Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылында туулган. 17 жашында советтик армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата мекендик согушка катышкан жана "Эрдик" медалы менен сыйланган. Ал 58 жыл Нарын драма театрында иштеп, бир катар ролдорду жараткан.

Эл артистин акыркы сапарга узатуу зыйнаты 25-декабрда Нарын шаарында болот.


XS
SM
MD
LG