Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Бел-Алма боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди. Анын айтуусунда, көмүр кениндеги чатакты иликтөө үчүн эч кимдин кызыкчылыгын коргобогон, акыйкат депутаттардан турган комиссия түзүлүшү керек.

“Болбосо өкмөт, анын ичинде Геология агенттигинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев “Беш-Арчанын” адвокаты болуп, алардын сөзүн сүйлөп жатат. А “Беш-Арча” элге улак өткөрүп, топоздорду союп берип, аларды түрдүү ыкма менен сатып алууга аракет кылууда. Муну иликтеш үчүн эмки жумада атайын комиссия түзүүнү сунуштайм”, дейт Акаев.

16-декабрда Кадамжай районунун айрым тургундары Бел-Алма көмүр кенине байланыштуу өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдошкон.

Анда аталган кенди "Беш-Арча" ишканасы коррупциялык айла-амалдар, мыйзам бузуу менен казып жатканы айтылып, мунун артында Оштогу таасирдүү кишилердин бири, Ош аэропортунун милиция башчысы Жалил Атамбаев турары белгиленген. Ишкана болсо мындай дооматты четке кагууда. Ушу тапта Бел-Алма боюнча козголгон кылмыш иши Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы иликтөөдө. (EBM/MTo)

XS
SM
MD
LG