Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:16

Грузиянын тышкы иштер министри өкмөт башчылыкка көрсөтүлдү


Өкмөттүн маалымат жыйыны, 22-декабрь 2015-жыл.

Грузия парламентиндеги “Грузия кыялы” көпчүлүк коалициясы 48 жаштагы тышкы иштер министри Георгий Квирикашвилини өкмөт башчылыкка көрсөтүүнү чечти. Бул чечим 25-декабрда расмий түрдө жарыяланып, Квирикашвили 23-декабрда өкмөт башчылыктан кетерин жарыя кылган Гарибашвилини алмаштырат.

Башкаруучу фракциянын лидери Гия Вольскинин билдирүүсүнө караганда, өкмөт башчылыкка төрт талапкер каралып, алардын арасынан Квирикашвили жактырылды. Тышкы иштер министринин өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшү кызматынан кетип жаткан Гарибашвили менен да макулдашылды.

Квирикашвили быйыл сентябрь айында тышкы иштер министрлигине келген. Ага чейин 2012-жылдан бери экономика министрлигин жетектеген. (AiT)

XS
SM
MD
LG