Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:51

Орусия Түркия менен укуктук кызматташуу келишимин токтотот


Орусия Түркия менен 1997-жылдын 15-декабрында кол коюлган жарандык, соода-сатык жана кылмыш иштеринде укуктук жактан биргелешип көмөктөшүү боюнча келишимден чыгып жатканын билдирди.

Орусиянын Укуктук маалымат боюнча системасынын сайтында жарыяланганга караганда, мындай сунуш орус тышкы иштер министрлиги жана башкы прокуратуранын тергөө комитети менен макулдашылган.

Түркия туура бир ай мурда, 24-ноябрда аба мейкиндигин бузганына негиздеп, орус аскер учагын атып түшүргөндөн кийин эки өлкө алакасы кескин курчуп кеткен. Тараптар ошондон бери бири-бирин айыптап келет. Москва бул окуядан соң Түркияга карата бир канча санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG