Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:22

Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык сотунда украиналык учкуч Надежда Савченконун иши боюнча быйылкы жылдагы акыркы жараян 25-декабрда аяктады. Кийинки отурум январдын ортосуна белгиленди.

Эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деген шек менен Орусияда камакта отурган Савченко ачкачылык кармоону улантууда. Сот 17-декарда анын камактагы мөөнөтүн 2016-жылдын 16-апрелине чейин узартуу чечимин чыгарган эле. Соттолуучунун күнөөсүз экенин далилдөө максатында Украина өкмөтү сунуштаган документтер отурумда каралган жок. Буга нааразы болгон Савченко кайрадан ачкачылык жарыялаган.

Ал 2014-жылдын июль айында кармалган. Андан бери эки жолу ачкачылык жарыялады. Украин бийлиги Савченко күнөөсүз экенин айтып, аны чек арадан орусиячыл жикчилдер уурдап кеткенин белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG