Калининград облустук соту Балтика флотунун мурунку офицерин мамлекеттик сырларды саткан деген айыптоо боюнча күнөөлүү деп тапты. “Интерфакс” кабарлагандай, подполковник Федор Борискин 2013-жылы мамлекеттик кызматта турган учурунда Польша бийлигине тыңчылык кылганы аныкталды.
Борискин күнөөсүн мойнуна алып, Польшанын атайын кызматы менен байланышта болгонун, Орусия армиясына тиешелүү кээ бир маалыматтарды берип турганын билдирди. Сот аны аскердик наамынан ажыратып, өзүн 12 жылга кести. Мурунку аскер кызматкери жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрөт. (SE)