Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Земан: мигранттардын Европага агылуусу - “пландуу басып кирүү”


Милош Земан
Милош Земан

Чехия мамлекет башчысы Милош Земан Европага мигранттардын агылуусун “алдын ала пландалган басып кирүү” деп атады. Ал ирактык жана сириялык жаштар Европаны көздөй качуунун ордуна “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүүсү керектигин белгиледи. Земан бул пикирин 26-декабрь күнү чех элин Кристмас майрамы менен телевидение аркылуу куттуктап жатып айтты.

“Мен өлкөсүнөн качып, Европага багыт алгандарды көрүп таң калам. Алар эмне үчүн колуна курал алып террорчуларга каршы күрөшпөйт?”- деди Милош Земан.

Жакынкы Чыгыштагы тынч эмес өлкөлөрдөн быйыл Европа мамлекеттерине миллиондогон киши качып барган. (SE)

XS
SM
MD
LG