Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

“Кыргызмунайгаздын” кызматкерлери митингге чыкты


Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызмунайгаз” ишканасынын жамааты Мамлекеттик мүлк фондуна жана Геология, минералдык ресурстар агенттигине нааразылыгын билдирип, бүгүн тынч жыйынга чогулду.

Ушул жылдын сентябрь айында аталган фондго караштуу жумушчу комиссия ишкананы текшерип кеткен. Митингге чыккандар комиссия өкмөткө туура эмес маалыматтарды берип, кимдир бирөөлөрдүн буйрутмасын аткарып жатат деп күмөн саноодо. Кызматкерлер ишкананын Майлуу-Суу аймагында жайгашкан мунай кени бар участкасын ар кандай жолдор менен кытайлык компанияга берүү аракети болуп жатканын белгилеп, президентке кайрылуу жолдошту. Анда ишкананы ар кандай буйрутма текшерүүлөрдөн коргоп, өлкөдөгү жалгыз мунай өндүргөн мекемени сактап калуу өтүнүчү айтылган. Жалпысынан кайрылууга 2500 кызматкер кол койду.

“Кыргызмунайгаз” ишканасы жылына 80 миң тонна мунай жана 32 млн куб метр газ өндүрүп, Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын газ менен камсыздайт. (RsK/КЕ)

XS
SM
MD
LG