Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Токтогул ГЭСинде эки генератор өчүрүлдү


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Кечээ таңкы саат 7лерге чукул Токтогул ГЭСиндеги кабелдерде май тамганынан улам, төрт генератордун экөө авариялык режимде өчүрүлдү. Экономика министринин орун басары Айбек Калиев​дин айтымында, Токтогул ГЭСинде кабелдер 40 жыл мурун орнотулуп, азыркыга чейин колдонулуп келет. Учурда мындай үлгүдөгү кабелдер сатыкка чыкпай калган.

Кырдаалдан улам министрлик өлкө боюнча электр энергиясына чектөө киргизип, 235 мегаватт-сааттан ашырбоо чечимин кабыл алды. Чектөөлөр Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустары жана Бишкек шаарында кирди.

Айбек Калиев электр энергияга чектөөлөр бүгүн саат түшкү 12де алынганын айтып, авария болгон жерде орусиялык адистер иштеп жатканын кошумчалады.

Оңдоо иштери эки-үч жумага уланарын айткан Калиев, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн 6 миллион киловатт-саат электрэнергиясын импорттоп калышы мүмкүндүгүн билдирди.

Өлкөнүн энергетиктери буга чейин Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетиштүү болгондуктан тыштан электр жарыгы сатып алынбасын билдиришкен эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG