Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алууну сүйлөшүүдө


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте премьер-министр Темир Сариевдин катышуусунда өтүп жаткан жыйында өкмөт башчынын кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев билдирди.

“Биз алдын ала чара көрөлү деп жатабыз. Казакстандык кесиптештер менен бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бүгүн-эртең чечим чыгарабыз”, - деди ал.

Турдубаев Токтогул ГЭСиндеги кабелдерди оңдоо иштери жүрүп жатканын, ремонт иштерин 15-январга бүткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

28-декабрь күнү ГЭСтеги кабелдерде май тамганына байланыштуу эки генератор өчүрүлгөн эле. Мындан улам электр энергиясына чектөө киргизилип, бир күндөн соң майрамга байланыштуу өчүрүүлөр убактылуу токтотулган. Учурда Орусиядан чакыртылган адистер оңдоо иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG