Облус аймагындагы интернат үйлөрдө жашаган жетимдерге жана психоневрологиялык жатак мектебинде тарбияланган 600дөн ашуун балага облус жетекчиси жаңы жылдык белектерди берди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынан “Азаттыкка” билдирди.
25-26-декабрь күндөрү Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон районунда уюштурулган балаты майрамына өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева катышып, балдарды Жаңы жылы менен куттуктады. Майрамдык белектерди берүүгө облус жетекчисинин резервдик фондунан 500 миң сом каражат бөлүнгөн. (RsK)