Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Орусия Түркия менен Украинадан ташылган тамак-ашка чектөө киргизди


Орусияда Түркиядан жана Украинадан азык-түлүк ташууга тыюу салган чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирди. Өкмөттүн чечимине ылайык, ушул күндөн тарта Түркиядан тоок этин, помидор, пияз, капуста, бадыраң, апельсин жана башка продуктуларды ташууга тыюу салынат. Мындан сырткары расмий Москва Киев менен болгон эркин соода аймагы боюнча келишимди токтотту.

Буга чейин орус өкмөтү 2016-жылдын 1-январынан тартып түркиялык компанияларга уруксат берилбей турган ишкердиктин тизмесин бекиткен. Ага ылайык, курулуш, архитектура, инженердик-техникалык долбоорлоо, мамлекеттик муктаждыктарды камсыздоо, жыгачты кайра иштетүү жана туризм тармактарында иш жүргүзүүгө чек коюлган.

Туркия-Орусия мамилеси түрк тарап Сирия менен чектешкен жеринде орус учагын атып түшүргөн 24-ноябрдан бери кескин курчуп кетти. Ошондон бери тараптар бири-бирин айыптап келет. Анкара орус учагы түрк аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүгө көңүл бурбай койгон соң атып түшүрүлгөнүн билдирген. Москва муну четке каккан.

30-декабарда Украинанын экономика министрлиги Орусиянын товарларын сатып алууну кыскартууну жана аларга импорттук пошлина киргизүүнү сунуштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG