Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Украина менен ЕБ ортосунда эркин соода келишими күчүнө кирди


Украина менен ЕБ желектери.
Украина менен ЕБ желектери.

Бул келишим Украинаны Европа Биримдигинин аймагына товарларын пошлинасыз, же бажы салыгысыз чыгарууга жол ачат. 2014-жылдын июнунда кол коюлган бул документ Евробиримдик менен ассоциация келишиминин бир чоң бөлүгү.

Еврокомиссиянын 31-декабрдагы билдирүүсүнө караганда, келишим украин экономикасын модернизациялоо менен диверсификациялоого жана реформаларды жүргүзүүгө кошумча стимул түзүүгө түрткү берет.

Эми мурда Орусияга көбүрөөк ыктаган украин рыногу Евробиримдиктин чен-өлчөмдөрүн кабыл алууга тийиш.

Эркин соода боюнча бул келишим Киев менен Москва ортосундагы алалкалардын кескин бузулушуна алып келген. Буга жооп иретинде Орусия да Украина менен 2011-жылы түзүлгөн эркин соода келишиминен баш тарткан. Орус тараптын бул боюнча мыйзамдары да бүгүндөн тарта күчүнө кирди.

Ага жооп катары украин бийликтери да Орусияга карата соода санкцияларын киргизген.

XS
SM
MD
LG