3-январда Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14 градус жылуу,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12° жылуу болот,
Баткен облусунда түнкүсүн 0…5 градус болсо, күндүз абанын температурасы 7…12 градуска чейин көтөрүлөт.
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз синоптиктер 8…13° жылуу болоорун айтышууда.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5 градус суук болсо, күндүз 2…7 градуска чейин күн жылыйт.
Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20° суук, күндүз -4…-9,
3-январда Бишкек жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 2…4° жылуу, күндүзгү болсо 12…14° жылуу болушу күтүлөт. (SDz)