Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Ватикан менен Палестина ортосундагы келишим күчүнө кирди


2015-жылдын 26-июнунда кол коюлган келишимге ылайык, Палестина автономиясы көзөмөлдөгөн аймакта Рим католик чиркөөсү иштей баштайт. Ошондой эле аймактагы христиан азчылыктары коргоого алынмакчы.

Ватикандын билдирүүсүнө ылайык, документтер Палестина менен Израилдин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга жардам берет.

Ал ортодо Израил "Ватикан менен Палестина автономиясы ортосунда түзүлгөн келишим Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка бүлүк салат" деп, мындай документке кол коюунун зарылчылыгы жок болгонун ырастап келет.

2013-жылдын февраль айында Ватикан Палестинанын аймагын көз карандысыз мамлекет деп тааныган. Бирок азырынча Палестина деген мамлекет де-факто жок. БУУ Иорданиянын Чыгыш жээгиндеги Палестинанын аймагын Израиль тарабынан оккупацияланган деп карап келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG