Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:03

Түркиядагы аралдан элүүдөн ашуун качкын эвакуацияланды


Жакынкы Чыгыштан Европага жөнөгөн качкындар. Сүрөттүн маалыматка тиешеси жок.

Түркиянын жээк коргоочулары жана балыкчылары 3-январь күнү 57 качкынды куткарды. Алар Грекияга сүзүп баратып, Дикили аймагындагы аралда адашып калышканы маалым болду. Арасында балдар да бар. 12 киши тик учакта, калгандары балыкчылардын кайыктарында коопсуз аймакка жеткирилди. Жээк тайыз болгондуктан, куткаруучулардын кемеси жакын бара алган жок.

Согуш тутанган Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерден күн сайын жүздөгөн жарандар деңиз аркылуу Европаны көздөй агылуусу бир нече айдан бери токтобой жатат. (SE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG