“Талибан” кыймылы Ооганстан баш калаасы Кабул шаарындагы аба майдандын жанындагы жардырууга жоопкерчиликти өзүнө алды. 4-январь күнү аба майданга кире бериштеги көзөмөл-өткөрүү пунктунда жанкечти өзүн жардырып мерт кеткен. Жараат алган 30 адамдын тогузу балдар.
Полиция автоунаасы менен көзөмөл-өткөрмө жайына келип токтогон адамдын жүрүм-турумунан шекшип, күч кызматкерлери ага жакындап баратканда айдоочу белине байланган жардыргычты ишке киргизген. (SE)