Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Президент Обама курал сатууга көзөмөлдү күчөттү


Нью-Йорк полициясы Жаңы жыл алдында шаарды көзөмөлдөөдө.
Нью-Йорк полициясы Жаңы жыл алдында шаарды көзөмөлдөөдө.

Президент Барак Обама өзүнүн жарлыгы менен Америка Кошмо Штаттарында курал-жарак сатууну көзөмөлдөө системасын катаалдаштырды. Жарлыкка ылайык, анда ок атуучу куралды колдонуу менен жасалган зомбулукту азайтууга багытталган он түрдүү чараны ишке ашыруу жагы каралган.

Эң баштапкы чаралардын бири - курал сатуучу катары катталгандардын жана лицензия алгандардын санын кеңейтүү. Бул категорияга жыл сайын бир нече жолу өтчү жарманкелерде курал-жарак саткан ишкерлер кирет. Автомат сатып алган адамдарды текшерүүнү кеңейтүү жана жоголгон куралды каттоого киргизүү чаралары кошулган. Президент жарлыгы менен курал сатуу эрежесине өзгөртүү киргизилиши тууралуу маалымат Конгресстеги республикачылардын сынына кабылды. Алар муну менен президент мыйзам чыгаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын өзүнө алып жатат деп айыпташты.

XS
SM
MD
LG